Курсактагы майды ээритүүчү 12 ыкма

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:03

Курсакта жыйналган майдан арылуу эң катаал экенин билдиңиз беле. Анда эмесе төмөндөгү азыктарды пайдалануу менен майларды ээрите аласыз.

1. Суу болбосо болбойт!

Ачка болунун 80 пайызынын себеби суусагандан улам келип чыгат. Суу ичсем шишип кетем деп коркпоңуз,.

2. Капуста дартка даба!

Детокс жана токсиндерди чыгаруу үчүн эң биринчи пайдаланыла турган жашылча. Капуста A, C жана K витаминдеринен туруп, кальций жана калийдин булагы болуп саналат.

3. Бананды берки бурчка түртүп салбаңыз!

Курамында жогорку деңгээлдеги калийди камтыган банан дененин табигый минералдык балансын тең салмакта кармап, ашыкча суюктукту кетирүүгө жардам берет.

4. Эң негизги мөмөлөрдүн бири...

Алма сизди күнү бою ток кармайт. Алма - бул көп чайноого кажет жемиш болгондуктан, көп жегенге мүмкүндүк бербейт.

5. Кыскасы алмалар дүйнөсүнө кош келдиңиз...

Өзү сыяктуу уксусу да пайдалуу болгон алма, тамак-аш сиңирүүдө жардам берет. Ашказандагы айрым бактериялар менен күрөшөт.

6. Айран да пайдалуу!

Айрандын курамында пробиотик бар. Пробиоттиктер тамак-аш сиңирүүнү күчтөндүрүп, шишикти болтурбайт жана ичтин катышын алдына алат. Бул да курсактагы майдан кутулунун бир жолу.

7. Протеин, протеин, протеин...

Сүт жана сүт азыктары, кызыл эт, балык, тоок эти протейинге бай жана жеңил сиңгендиктен курсактагы майды кетирүүдө жардамга келет.

8. Бадыраңдын биздин организмге пайдасы көп!

Бул ошондой ээле сунун мол курамы менен табигый заттардан турат. Ал эми бул заттар тамак сиңирүүнү жакшыртып сизди узак убакыт бою ток кармайт.

9. Имбирди суу менен бирге ичүү

Имбирь - бул инфекция менен күрөшүүгө жардам берчү азык. Сезгенүүгө каршы жана антиоксиданттык касиеттери протеинди сиңирет.

10. Авокадонун жардамы

Курамында пайдалуу майдын көп болгондугуна карабастан ал ашыкча салмак менен күрөшкөндөргө жакшы.

11. Грейпфрут да курсактагы майды эритет

Дээрлик баардык жерден сиз грейпфруттун майды жакшы эритерин уксаңыз керек. Ошол себептен ширесин күнүнө бир жолу ичүү курсактагы майды кетирүүгө пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!