"Саякбай" тасмасы "Алтын глобуска" көрсөтүлөт

26-Окт. 2017, Бейшемби, 10:56

«Саякабай» тасмасы Кыргызстандын атынан Голливуд ассоциациясынын «Алтын глобус» сыйлыгына көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематография бирикмесинен билдиришти.

«Алтын глобус» (англ. Golden Globe Award) америкалык сыйлык. 1944-жылдан тарта жыл сайын январь айында эл аралык журналисттердин катышуусунда Голливуд калыстарынын чечими менен мыкты тасмаларга сыйлыктар тапшырылып келет.

Буга чейин “Саякбай” тасмасы Монреалдагы 41-эл аралык кино сынакта “Золотой Зенит” баш байгесине татыган.

"Саякбай" тасмасы ушул жылы 7-сентябрда чоң экранга чыккан. Тасма Ысык-Көл облусунун Тоң районунда тартылган. Анын режиссеру Эрнест Абдыжапаров.

Тасмага көптөгөн сценарийлердин арасынан тандалып режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун варианты жактырылган. Аны "Саякбай манасчы" фонду каржылаган. Бөлүнгөн каражаттын өлчөмү - 100 млн. сом.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!