​Дарыяга түшүп кеткен жаран изделүүдө

28-Фев. 2018, Шаршемби, 11:18

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ичке-Суу айылында жайгашкан Тар дарыясына бир адам агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 27-февралда болжол менен саат 17:10 чамасында катталган. Сууга түшүп кеткен адамдын өздүгү такталган, ал 1974-жылы туулган М.М., аттуу жаран.

66-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жаранды издөөгө чыгышкан. Түн киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган. Учурда издөө иштери улантылып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!