Япон окумуштуулары көп жумуш иштеген адамдар, аз жумуш кылгандарга караганда эмгек акы менен сый акыны төмөн алышаары далилдеген. "BBC Capital" булагынын маалыматына таянсак жумуштан сырткары иштеген адамдардын эмгеги ийгиликсиз болот",- деп кабарлайт Baq.kz сайты.
Стюарт Номимицу Бирмингемден Токиого көчүп келгенден кийин достору жана туугандары менен кабарлашууну токтоткон. Ага үй-бүлөсү сарсанаа боло башташат. Алар Номимицунун кеңседе таң аткандан түн киргенге чейин жумуш иштегендиктен, ошол жакта калаарын билишкен. Жумуш убактысынын тыгыздыгы жана көптүгү үй-бүлөсүн таң калдырган жана ишенимсиздик жараткан.
Номимицу аларды ишендирүү үчүн атайы бир жумалык жумушу тууралуу чакан видеоролик түшүргөн. Ал видеону интернет булактарына жүктөгөн. Анын видеосу “YouTube” да миллиондон ашкан көрүүчү жыйнаган. Бул чакан видеороликте дүйшөмбүдөн ишембиге чейинки жумуш үстүндөгү учур түшүрүлгөн. Ал бир жумада 35 саат гана уктап, 78 саат жумуш иштеген жана кошумча ишемби күнкү 6 саат убактысын иш менен өткөргөн.
Номимицу жумасына 80 саат тынбай жумуш иштеп жүргөн. Бир күнү ал өз үйүнөн эстен танып калган.
«Кароси» деген сөздүн мааниси – «чарчоодон өлүмгө чейин» дегенди түшүндүрөт.
Номимицунун ушундай тырышып иштөөсү узакка созулган жок. Бирок анын айтуусу боюнча “кээ бир токиолук компаниялардын кызматкерлери ушундай өмүрдү жылдап сүрүп келишет”.
Өткөн жылы октябрь айында Япониянын эмгек, киреше жана ден соолукту сактоо министрлиги жыйын өткөрдү. "Ар бир төртүнчү кызматкер компанияда (өлкөдөгү компаниялардын 23 пайызы) айына 80 сааттан ашык жумуш иштейт",- деп айтылды жыйында.
Аз жумуш көбүрөөк киреше
Жалгыз гана Япония эмес АКШнын тургандарынан да белгиленген убакыттан ашык жумуш иштөөсүн талап кылынат экен.
Жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча ар бир америкалык кызматкер жумасына 47 саат жумуш иштейт. Тагыраак айтканда башкаларга караганда бир стандартуу 9.00ден 17.00гө чейин толук жумуш убактысынан ашыкча иштешет. Анын ичинде беш адамдын бирөө (18%) бир жумада 60 сааттан ашык эмгектенишээрин айтышкан. Мындан улам үй-бүлөсү жана достору менен өткөргөн убакыттарын жумушка бөлүшкөн. Эмгек өргүүсүн да кыска убакытка алган кызматкерлер, акыркы үч жылда башка стандарттуу иштеген кызматташтарына караганда сый акыны да, эмгек акыны да бирдей алгандыгы аныкталган. “Эгер кызматтык жактан көтөрүлбөсө, кошумча эмгек акы ала албаса, анда жумуш иштөөнүн кажети канча?”-дейт Кэйти Денис “Project: Time Off”тун изилдөөчүсү.
Убакыттан тышкары бекер жумуш иштөө кызматкерлерге да жумуш берүүчүлөргө да ийгилик алып келбейт. Себеби, жумуш убактысы 50 сааттан ашып кетсе, өндүрүш тез басаңдай түшөт. Ал жумуш столуна жумасына 70 саат отурган адам, артыгы менен отурган 14 саатында пайдалуу эч нерсе кыла албастыгы белгилүү болду. Ошону менен бирге “эмгекчил” кызматкерлердин эске сактоо жөндөмү төмөндөп, чечим кабылдоо ишенимдүүлүгү начарлайт экен.
Ушуга байланыштуу Япониянын дүйнөгө белгилүү ири компанияларынын бири “Toyota”нын кызматкерлеринин бир жылдык жумуш убактысы 360 сааттан ашырышпайт (тагыраак айтканда бир айда 30 гана саат жумуш иштешет).
Ошондой эле Германиянын BMW менен Volkswagen компаниялары, Американын бир катар компаниялары да жумуш убакытына байланыштуу бир катар иштерди колго алып, кайрадан иштеп чыгышууда.
Изилдөөчү Вандеркам: “ Эгер бир машинаны колдонуп жүрсөң жана анын абалына карабасаң ал убакыт өткөн сайын, эң керек болгон маалда бузулуп калат”,- дейт.
Бул сөз адамдарга да тиешелүү...