Кою, калың кашты кыялдансаңыз

Кою, калың кашты кыялдансаңыз
3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Карандаш менен чийип койгондон көрө табигый каштын өзгөчө болуп турары белгилүү. Керек болсо өтө сапаттуу болуп жасалган татуаж да өз кашыңдай боло албашы анык. Анда эмессе, кашты кантип остүрүүгө болот? Калың, кою кашка жетүүгө мүмкунбү?

Албетте мүмкүн. Ал үчүн жөн гана кашка күтүү менен маска жасап туруу керек.

Маска жасоо үчүн:

Зайтун майы,

Лимондун жарым бөлүгү керек.
Өтө чоң эмес идишке зайтун майын куюп, ага лимондун бир тилим бөлүгүн салып коюңуз. Лимон ошол бойдон беш күн туруусу зарыл. Белгилүү убакыт өткөндөн кийин уктаар алдындан зайтун майы абдан сиңген лимон тилими менен кашты сүртүү керек. Масканы эртең менен турганда ган жууңуз. Түнү менен сиңип, кашты кайрадан калыбына келүүсүн ылдамдатып, жакшыртат. Ушул ыкма аркылуу кашты тез өстүрө аласыз.

Масканы бир нече жума бою кайтаап жасап туруңуз. Натыйжасын жети күндөн соң байкала баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!