Кырт, кырт... Ооба, баарыбыз бадыраңды жакшы көрүп кыртылдатып жейбиз. Бирок анын кайдан келгенин, адамга кандай пайдасы бар экенин баарыбыз эле биле бербесек керек.
Бадыраң кайдан келген?
Бадыраңдын түпкү мекени болуп Индия эсептелет. Бул жашылча адамзатка мындан 6000 жыл илгери эле белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө бадыраңдын ар кандай сорттору тамак-аш катары жана атайын кооздук үчүн Жер шарынын дээрлик бардык чөлкөмүндө өстүрүлүп келет.
Кыргызстанда бадыраңдын “Голланддык”, “Алтай”, “Маргелан” жана башка сорттору кеңири өстүрүлөт. Бадыраңды өтө бышып, саргайып кеткенге жеткирбей, мүмкүн болушунча күн сайын жыйнап туруу керек. Жаңы бадыраңды үйдө 2 суткага чейин, ал эми 1 градус температурада 20 күнгө чейин сактоого мүмкүн. Бадыраңды алма менен чогуу сактоого болбойт.
Жашыл “дарыгер”
Бадыраңдын курамы 95-98 пайыз суудан тургандыктан, заара кубалоочу касиетке ээ. Ал бөйрөк, боор жана башка ички органдарды тазалоо үчүн пайдалуу. Ошондой эле жалпы организмди токсиндерден (уулардан) тазалайт. Ал организмге тамак-аш аркылуу түшкөн көмүртектин өлчөмүн калыпка салат. Демек, денеге ашыкча майдын топтолушунун алдын алат. Бадыраң калийге, магнийге, кальцийге бай болгондуктан, бөйрөктүн, жүрөктүн жана муундардын иштөөсүн жакшыртат. Организмдеги кислота-щелочтук тең салмактуулукту кармап, ар кандай оорулардын алдын алат. Бадыраңдын курамындагы кремний менен күкүрт клеткаларды бекемдеп, бойдун өсүшүн, чачтын бекемдигин, теринин сапатын, өңүн жакшыртат. Мындан тышкары аталган жашылча дене табын түшүрүүдө жана күйүктү дарылоодо кеңири пайдаланылат.
Бадыраң гастрит, ашказан жарасы барларга сунушталбайт.